Ажылык сапарга баргысы келгендерди каттоо ушул жумада башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Азаттык” үналгысына билдирди. Анын айтымында, каттоо бир ай бою биометрикалык паспорттун негизинде жүрөт.
- Азырынча ажылык сапардын баасы чечиле элек. Анткени Сауд Арабиясы келишимдерге беш пайыз кошкон. Ошонун баарын эсептеп, бааны комиссия чечет, - деди муфтий.
Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлдү. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Ажылык сапардын баасы былтыр 2760 доллар болгон.
Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 12-февралга чейин авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаган.
Ага Кыргызстанга жана Сауд Арабиясына таандык фирмалар катыша алат. Сынактын жыйынтыгы 13-февралда чыгарылат. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат. (UEz)