Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

“Ата Мекендин” юристтери Абдил Сегизбаевге каршы шаардык сотко даттанат


Таалайкүл Токтакунова.
Таалайкүл Токтакунова.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго каршы шаардык сотко даттанат. Бул тууралуу юристтердин бири Таалайкүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жазылган арызды Биринчи май райондук соту тараптардын катышуусуз эле четке каккан.

- Райондук сот арызды канааттандырган жок. Эми шаардык сотко кайрылабыз. Анткени “Белизгейт” боюнча Сегизбаев менен Үсөнов тараткан маалыматтар далилденген жок, - деди юрист.

2016-жылы УКМК парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Американын Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген эле.

Ошондон улам “Ата Мекендин” юристтери 3 депутаттын атынан "жалган маалымат таратты" деп, УКМКнын төрагасын жана президенттик аппараттын ошол кездеги маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысын сотко берген. (UEz)

XS
SM
MD
LG