Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 07:08

Былтыр үч аял ичкиликтин айынан буулукма болуп каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда былтыр үч аял ичкиликтин айынан буулукма (орусчасы “белая горячка”) болуп каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Республикалык наркология борборунун аялдар бөлүмүнүн башчысы Чынара Кожомуратова билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын аракечтикке кабылган кыз-келиндердин саны көбөйүүдө. Маселен, 2016-жылы наркологдун каттоосунда турган аялдардын саны 3700 болсо 2017-жылы 3800гө жетти.

Республикалык наркология борборунда аялдар үчүн 20дан ашуун орун бөлүнгөн. Дарыгерлердин айтымында, бул орундар дээрлик бош болбойт. Бейтаптардын арасында пенсия курактагы аялдар да, 20 жаштагы селкилер да жолугат.

Ичкиликтен көз каранды катары каттоодо турган жарандардын жалпы саны азыр Кыргызстанда дээрлик 33 560 адам. (KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG