Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Москвадагы кинотеатр “Сталиндин өлүмү” фильмин көрсөтүүнү токтотту


Орусиядагы кинотеатр
Орусиядагы кинотеатр

Москвадагы “Пионер” кинотеатры “Сталиндин өлүмү” деген фильмди көрсөтүүнү 27-январдан тартып токтотту. Тасма үчүн сатылган билеттердин акчасы кайтарылып берилери айтылды. Бул тууралуу кинотеатр өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Буга чейин Орусиянын Маданият министрлиги өлкөдөгү кинотеатрларга “Сталиндин өлүмү” деген фильмди көрсөтпөө тууралуу эскертүү берген. 25-январда башкалаадагы "Пионер" кинотеатры өкмөттүн тыюусуна карабай британиялык режиссердун комедиясын көргөзгөн болчу.

Орусияда лицензиясы жок тасманы көрсөткөндөргө 100 миң рубль же 1 миң 800 доллар айыппул салынат. Экинчи эскертүү бузулса, кинотеатрды жабууга чейин жаза каралган.

23-январда министрлик шотландиялык режиссер Армандо Иануччинин комедиясын көргөзүүгө берген уруксатын кайра чакыртып алган. Бир катар белгилүү ишмерлер, анын ичинде режиссер Никита Михалков фильмди көргөзбөнү өтүнгөн кайрылууга кол коюшкан.

Бет ачары былтыр Лондондо өткөн сатиралык тасмада 1953-жылы Сталиндин өлүмүнөн кийин СССРде болгон окуялар, бийлик талашуу баяндалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG