Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Жээнбеков өкмөт башчы менен ЖЭБдеги кырдаалды талкуулады


Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-январда премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Исаков ЖЭБдин ишин калыбына келтирүү аракеттери тууралуу айтып берди.

Жээнбеков жылуулуктун үзгүлтүккө учурашынын себептерин кылдат иликтөө боюнча премьердин чечимин кубаттап, андан тиешелүү жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартуу зарыл экенин белгиледи.

- Мындай көрүнүшкө жол бербеш үчүн стратегиялык объектидеги чукул кырдаалдын чоо-жайы дыкат талданышы керек. ЖЭБдеги абалды окуя болгондон бери көзөмөлдөп турам. Жакын арада шаардыктарга жылуулук толук өлчөмдө берилиши зарыл, - деген президент энергетика тармагындагы маселелерди комплекстүү чечүү керек экенин айтты.

Жылуулук борборунда авария 26-январда болгон. Өкмөт өкүлдөрү "иштен чыккан жабдыктар ишемби күнү түнкү саат 10го чейин оңдолуп, жылуулук берүү калыбына келет" деп убада берген. Бирок техникалык кырсыктын кесепети толук жоюла элек. Көп кабаттуу үйлөрдө, социалдык объектилерде батареялар муздак, бөлмөлөр суук болуп турат. (NT)

XS
SM
MD
LG