Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:57

Кабулдагы чабуулдан кеминде беш аскер мерт болду


Кабулдун жардыруу болгон аймагы, 29-январь 2018-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда согушкерлер армиянын көзөмөл бекетине чабуул коюп, андан кеминде беш ооган жоокери мерт болду. Дүйшөмбүдөгү куралдуу кол салуудан дагы онго чукул адам жаракат алды.

Ооганстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, эки жанкечти Кабулдагы Аскердик академиянын жанындагы көзөмөл бекетинде өздөрүн жардырып жиберишкен. Дагы эки согушкер атышууда каза таап, бирөө тирүү кармалды.

"Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнүн "Амак" деп аталган сайты аркылуу бул чабуулга жоопкерликти алды.

Соңку айда талиптер да ооган баш калаасында бир нече кандуу чабуулдарды уюштурду. 27-январда Кабулдун эл жыш жайгашкан районунда талиптердин жардыруусунан 100дөн ашык киши каза тапкан.

24-январда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары Ооганстандын Жалалабад шаарында Save the Children эл аралык гуманитардык уюмунун кеңсесине кол салган. Кеминде беш киши окко учуп, 12 киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG