Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

Бектур Асанов: Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылды.

Жабык өтүп жаткан соттогу анын сөзү Интернетке жарыяланды. Анда Асанов коюлган талаптар аткарылмайынча өзү менен кошо соттолгон эки оппозициячы менен кошо ачкачылыкты акырына чейин кармай турганын айткан:

- Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз.

"Кургак ачкачылык" - нааразылык билдирген адамдын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тартышы.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму маалымдагандай, Бектур Асановдун кургак ачкачылык кармаганына бүгүн жети күн болду. Карыбеков алты, Кубанычбек Кадыров беш күндөн бери кургак ачкачылык кармоодо. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан ачкачылык кармагандардын абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. УКМК да Бектур Асановдун сотто айткандары боюнча комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG