Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

ЕБ менен Грузия кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини менен Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини менен Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили.

Брюсселде жолуккан Евробиримдик менен Грузиянын расмий өкүлдөрү эки тарап кол койгон Ассоциациялык келишимдин аткарылышында жылыш бар экенин билдиришип, кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты.

"Грузия Европа биримдиги үчүн баалуу өнөктөш. Достугубузга көңүл бурууну улантуу - биздин биргелешкен кызыкчылыгыбыз. Биз жакшы жыйынтыктарга жетиштик",-деп билдирди 5-февралда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини.

Могерини Евробиримдик менен Грузиянын ортосундагы Ассоциациялык кеңештин төртүнчү сессиясын алып барды. Грузиянын делегациясын премьер-министри Георгий Квирикашвили жетектеп келди.

Евробиримдик былтыр жазында Грузиянын атуулдарына уюмга мүчө өлкөлөргө визасыз кирүүгө уруксат берген.

XS
SM
MD
LG