Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстанда 216 миң бала ПИН ала элек


Биометрикалык паспорттор.
Биометрикалык паспорттор.

Кыргызстандагы окуучулардын арасында 216 миң бала жеке идентификациялык номер (ПИН) ала элек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди.

- Учурда 216 миң баланын персоналдык идентификациялык номуру жок. Ал эми ПИН жок болсо алар эч кандай мамлекеттик кызматтан пайдалана албайт. Башкача айтканда аттестат алганда, паспорт алганда кыйынчылыктарга кабылышат. Ошондуктан биз бул окуучулардын ата-энелерине балдарына тезирээк ПИН алышы керек экенин эскертип кетебиз.

Эржигитов ошондой эле Кыргызстандын аймагында мектепте окуган жана мектепке чейинки балдар арасында күбөлүк да ала элек балдар миңдеп саналаарын, алар боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Былтыр чоңдор менен балдарды бириктиргенде 500 миңге жакын ПИН ыйгарылган. 2017-жылы ошондой эле паспорттун бардык түрүн кошкондо жарандарга 942 миң паспорт берилген.

Мамлекеттик каттоо кызматы мектеп окуучулары боюнча маалыматты санарипке өткөрүп, ар бирине жеке ПИН ыйгаруу иштерин 2016-жылы баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG