Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:47

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу


Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелердин бири. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелердин бири. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева кабарлады.

Анын айтымында, бүгүн Тажикстан “Кулунду” жана "Кайрагач” өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорттук каражаттардын жана жүктүн өтүшүн бир тараптуу токтотту.

"Тажик тарап Сай айылындагы көпүрөнү жаап, ал жердеги чек арачыларын көбөйттү. Ага чейин Сада айылында көпүрө курулган. Аталган айылдын тургундары Сада каналы аркылуу өтүүчү бул көпүрөнү мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотушкан. Жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары кыргызстандык окуучулардын өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтууда", деп билдирди Чек ара кызматы.

Учурда кырдаалды жөнгө салуу максатында эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатат.

Буга чейин "Кулунду-Максат жолундагы көпүрөгө тажик аскерлери келип алды" деген чөнтөк телефонго тартылган видео Интернетте тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG