Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Момбеков: КСДПнын курултайын өткөрүүнүн кажети жок


Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков 9-февралда Талас облусундагы шайлоочулары менен жолугушуп жатканда билдирди.

Момбековдун айтымында, Социал-демократтар партиясы кезексиз курултайында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайрадан партия лидерлигине алып келүүнү талкуулайт.

- Бул маселе добуш менен чечиле турган иш. Бирок добуш жок деле ал киши партиянын лидерлик кызматынан кеткен эмес. Президент болгондо гана өзүнүн милдетин убактылуу токтоткон. Мындайча айтканда, бүгүнкү күндө партиянын съездин өткөрүүнүн деле кажети жок. Анткени Атамбаев автоматтык түрдө кызматына, партиянын башына келет, - деп билдирди Рыскелди Момбеков.

Буга чейин Социал-демократтар партиясынын курултайынын мөөнөтү буга чейин бир нече ирет которулган.

Курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мындан аркы саясий кадамдары аныкталышы мүмкүн экени сөз болуп келет. (AiS)

XS
SM
MD
LG