Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Сирияда түркиялык тик учак атып түшүрүлдү


Түркиянын ракетасы. Африн, Сирия.
Түркиянын ракетасы. Африн, Сирия.

Сириянын түндүгүндөгү Африн аймагында күрт күчтөрү Түркиянын аскердик тик учагын атып түшүрдү.

Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган ишембиде билдирди. Маалыматка караганда, тик учактагы эки учкуч курман болгон.

Күрт күчтөрү тик учактын атып түшүрүлгөнүн ырасташты.

Эрдоган Стамбулда өзү негиздеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жыйынында сүйлөп жатып, “Түркия согуш ичинде болгону үчүн жоготууга учурап жатат, бирок атып түшүрүлгөн тик учакты ашыгы менен төлөтөбүз”, - деп билдирди.

Түркия Афринде аскердик операцияны баштагандан бери аскердик учактын жок кылынганын алгачкы жолу расмий ырастады.

Ошол эле учурда ишембидеги салгылашта тогуз түрк аскери окко учуп, 11и жараат алган. Ал эми күрт күчтөрүнөн 39 адам набыт болгону кабарланды.

Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы” деп аталган аскерий операциясын 20-январда баштаган. Түрк армиясы бул аймактан күрт кошуундарын сүрүп чыгарып, 30 чакырымдык "коопсуз тилке" түзүүнү көздөп жатат.

Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү бул операцияны "Түркиянын Африндеги баскынчылыгы" деп атаган.

XS
SM
MD
LG