Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия алгачкы отурумга чогулду


Бишкек жылуулук электр борбору. 29-январь, 2018-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору. 29-январь, 2018-жыл.

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо жана андагы кырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча депутаттык комиссия бүгүн биринчи жыйынга чогулду. Анда комиссиянын төрагасы шайланып, бул милдет КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовго жүктөлдү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

26-январда Бишкек жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, башкалаанын абоненттери жылуулуксуз калган. Жылуулук берүү беш күндөн кийин калыбына келген.

Натыйжада Жогорку Кеңеште 30-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтей турган атайын комиссия түзүлгөн. Ага КСДПдан төрт, “Республика – Ата Журттан” үч, “Кыргызстандан” эки, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” менен “Бир болдон” бирден эл өкүлү кирген. Комиссия бир ай ичинде борборду модернизациялоого кеткен 386 млн. доллардын чоо-жайын да иликтеп чыгары айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG