Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Караколдо бизнес-форум өтүп жатат


Караколдогу бизнес форум
Караколдогу бизнес форум

Ысык-Көл облусунун администрациялык борборунда "Каракол бизнеске жана жашоого ыңгайлуу" аттуу экинчи бизнес-форуму өтүп жатат. Бул жыйында бизнести алып кетүү, өркүндөтүү жолдору талкууланууда.

Мында өлкөнүн ар тарабынан келген ишкердикте мыкты ийгилик жарата алгандар спикерлик кылып, тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Форумга өлкөнүн бардык аймагынан 300 жакын жеке ишкерлер келген. Жыйынды "Каракол дестинация коомдук бирикмеси" уюштурду.

Бул форум биринчи ирет өткөн жылы уюштурулган. Анда бир гана туризм ишкердиги жаатында тажрыйба алмашуу болсо, бул жылдагы жыйынында бизнестин ишкерлер ар кыл тармагы боюнча пикир алмашат. (AsM)

XS
SM
MD
LG