Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:20

Орусия: маңзат салынган жүк техникалык кызматкерге тиешелүү болгон


Буэнос-Айрестеги Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө табылган маңзат партиясы элчиликте келишим менен иштеген кызматкерге таандык болгон.

"Маңзат Орусиянын Буэнос-Айрестеги элчилигинин турак жай комплексинен жарым жыл мурда табылган" деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова.

22-февраль күнү Аргентина бийлиги маңзат саткандарга каршы операцияда Орусияга жөнөтүлөт делген 389 килограмм кокаинди дипломатиялык жүктөн табышканын кабарлаган. Анда 2016-жылдын декабрь айында орус элчиси дипломатиялык мекемеге таандык мектепте шектүү чемодан турганы жөнүндө Аргентинанын атайын кызматына кабарлагандан кийин иликтөө башталганы айтылган.

Аргентина бийликтери табылган маңзаттын партиясын 50 млн евронун тегерегинде деп баалады. Аргентиналык Clarin гезити кылмыштын уюштуруучусу Германияда жашырынып жүргөн орусиялык ишкер болушу мүмкүн экенин жазды.

Орусиянын Тышкы Иштер министрлиги дипломатиялык канал аркылуу маңзат ташылышы мүмкүн деген маалыматты четке какты. (TSh)

XS
SM
MD
LG