Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Ирактын соту түркиялык он беш аялды өлүм жазасына кести


Иракта ИМ тобу жеңилгени майрамдалып жаткан учур. 9-декабрь, 2017-жыл.
Иракта ИМ тобу жеңилгени майрамдалып жаткан учур. 9-декабрь, 2017-жыл.

Алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна колдоо көргөзгөнү үчүн күнөөлүү деп табылды.

Судья Абдул Саттар ал-Биркдардын айтымында, өлүм жазасына кесилген аялдардын “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрүнө “турмушка чыгып”, “террордук чабуулдарды ишке ашырууда аларга логистикалык жардам көргөзгөнү” аныкталды.

Ирак өкмөтү “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрүнүн жакындары же жоочулар деп аныкталган 560 аялды жана 600дөй баланы кармаган.

Быйыл январда террордук топтун жоочуларына логистикалык колдоо көргөзгөн деген айып менен германиялык аял, февралдын башында түркиялык дагы бир аял өлүм жазасына кесилген.

“Хьюман Райтс Уотч” уюму бул сот өкүмдөрүн “адилетсиз” деп сынга алган.

Ирактын бийлиги “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңгенин былтыр декабрда жарыялаган.

Мындай жарыя жоочулар 2014-жылы Ирактын түндүгү менен батышынан басып алган негизги шаарлардан жана шаарчалардын баарынан сүрүлгөндөн кийин жасалган.(UE)

XS
SM
MD
LG