Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:44

Мадумаров: Коррупция менен күрөштү коррупционерлерге берип коюшту


Адахан Мадумаров.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жүргүзүш үчүн конкреттүү чара көрүлүшү керек. Бүгүн Бишкекте соттордун ишин жана бийликтин коррупцияга каршы ишмердүүлүгүн талкуулаган жарандык жыйында сүйлөп жатып “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров ушундай пикирин билдирди:

- Кезинде Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук кеңеш бар эле. Анын курамына жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер кирчү. Бүгүн ал жок. "Коррупция менен күрөшкүлө" деп кайра эле коррупционерлердин башына илип койдук.

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков “Коррупция менен күрөшүүгө саясий эрким жетет” деп билдирген, Ал Коррупцияга каршы кызматтын иши кайра каралып чыгарын жана анын ар бир кызматкеринин иши талданарын айткан.

Кийинчерээк айрым ЖМКлар УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында 20га жакын жетекчи кызматкер иштен алынганын жазып чыгышкан. Ага чейин бул кызматтын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев иштен кеткен. Ал өзү арыз жазганы кабарланган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG