Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:08

Борбор Азия лидерлери Астанада чогулду


Астана шаары.

Астанада Борбор Азия жетекчилеринин саммити өтүүдө. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери катышып жатат. Ал эми Түркмөнстандан парламент спикери Акжа Нурбердыева барды.

Эгемендик жылдарында Борбор Азия президенттери толук курамда өз алдынча беш гана жолу кездешкен. Башында чөлкөмдүн лидерлери Советтер Союзу таркагандан кийинки кызматташтыкты талкуулашса, акыркы жыйын Арал деңизинин келечегине арналган.

Эксперттер коңшулар ортосунда мамиле чек ара, суу, энергетика маселелеринен улам начарлап кеткенин айтышат.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө аймактык саммит өткөрүү демилгесин өзбек лидери Шавкат Мирзиёев көтөргөнү, аны казак президенти Нурсултан Назарбаев колдоп, алгачкы жыйынга Астанага чакырганы айтылат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG