Жарандык активисттер, патриоттук күчтөр апрелдин башында өткөрүүнү пландап жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген курултайга расмий бийликтин тиешеси жок.
Бул тууралуу уюштуруучу комитеттин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна кабарлады. Анын айтымында, курултайда коррупцияга каршы күрөш, камактагы саясатчылардын, сөз эркиндигинин абалы жана мамлекеттин туруктуулугу жөнүндө маселелер каралат.
- Биздин максат - артка кылчактабай, азыркы учурдун маанилүү көйгөйлөрүн чыгарып, жалпы элдик институт аркылуу коррупция менен күрөшүү, сөз эркиндиги, саясий куугунтук маселелерин талкуулоо. Буларды чогуу кароо үчүн курултай институтун демилгелеп өткөрүп келген "Улуттук мекенчил күчтөр" кыймылы, "Жаңы муун" саясий кыймылы, жарандык активисттер жана саясатчылар чогулалы деген ой бар.
Акаев, Бакиев баштаган мурдагы президенттерди кошо чакырууну көздөп жаткан бул курултайдын идеясы социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Апрель окуясында жабыркагандардын башын бириктирген “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев мурдагы президенттерди чакырып, чагым уюштуруп жаткандарга чара көрүүнү 17-мартта Аксы окуясынын 16 жылдыгы эскерилген иш-чарада айткан. (КЕ)