Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда сөөгү табылган кыргызстандык кыздын жакындарын издеп жатат. Мекеменин маалыматына караганда, 26 жаштагы кыздын сөөгү 19-мартта Денизли аймагында табылган. Жергиликтүү прокуратура ал соккудан өпкө-боору жабыркап каза тапканын билдирди. Ошону менен катар аны автомашина коюп кеткени да кабарланууда
“Түркиядагы элчилигибиз тактоо иштерин жүргүзүп жатат” дейт ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева.
19-март күнү Dogan кабар агенттиги Түркиянын Денизли аймагындагы Памуккале районунда талаада иштеген дыйкандар жол жээгинен чет өлкөлүк кыз зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөнүн көрүп, полицияга кабар бергенин жазган.
Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.
Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" мекенине жөнөтүлөт. (ElB)