Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Өкмөт: Башкы прокуратурага 250 млн. сом мыйзамдуу бөлүнгөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Башкы прокуратурага 250 миллион сом бөлүнгөн деген маалыматтарга түшүндүрмө берди. Өкмөт аппаратынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү 23-мартта тараткан билдирүүдө Башкы прокуратура 2017-жылы «Альфа-Телеком» жана «Brasfortlimited» компаниясынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишимдеги мыйзам бузууну аныктап, анын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 5 миллиард 416 миллион сомдук зыяндын орду толтурулганы айтылат.

«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» мыйзамдын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыян кайтарылганда анын 30 пайызын алуу укугу берилгени да белгиленген.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылдын 4-майында кайтарылган акчанын 30 пайызын же 1 млрд. 624 млн. сомду прокуратурага төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган.

Өкмөттүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы буйругуна ылайык, 250 млн. сом Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган. Башкы прокуратурага иш жүзүндө анын 47,1 миллиону бөлүнгөнү белгилүү болду.

Өкмөт бул акча прокуратура кызматкерлерине административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак-жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга жумшаларын айтууда.

22-мартта govori.tv сайтында премьер-министр Сапар Исаков былтыр Башкы прокуратурага 250 миллион сомду бөлгөнү жана бул каражат аталган органга бөлүнгөн бюджеттен тышкары экени жазылган макала чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG