Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Этностук сербдер Түндүк Косоводо жолду бөгөштү


Этностук сербдер Митровицага жакын жерде жолду бөгөштү, 27.03.2018
Этностук сербдер Митровицага жакын жерде жолду бөгөштү, 27.03.2018

Этностук сербдер Косовонун өкмөтү жайгашкан жерге барып, Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журичтин кармалып, өлкөдөн күч менен чыгарылганына нааразылык билдиришти. Алар Митровица шаарына чукул жерде жолду бөгөштү.

Косово өкмөтүндөгү серб азчылыгынын өкүлдөрү Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолуккандан кийин Приштинадагы өкмөттү колдобой турганын билдиришти.

26-мартта Митровица шаарынын администрациясына полиция кирип барып, Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журичти кармап, колуна кишен салып барып, өлкө аймагынан күч менен чыгарган.

Коопсуздук күчтөрү топтошкон этностук сербдерди таркатуу үчүн көздөн жаш агызган газ чыгарышкан.

Мурдараак расмий Приштина Журичке анын улутчул билдирүүлөрүнөн улам өлкө аймагына кирүүгө тыюу салган эле. Сербиялык аткаминер буга карабай Митровицадагы жыйынга барган.

Митровица шаары Косоводо жайгашкан. Шаар калкынын көпчүлүк бөлүгүн серб улутундагылар түзөт. Жаңыдан түзүлгөн келишимде аймактагы соттор менен прокурорлорду теңме-тең санда түзүү каралган.

Косово өз эгемендигин 2008-жылы жарыялаган, бирок Белград аны тааныбай келет. Косовонун калкынын 90% көбүн албандар түзөт.

XS
SM
MD
LG