Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Ош мэриясы жер титирөөгө туруксуз жерди менчикке бергени аныкталды


Сулайман тоо.
Сулайман тоо.

Былтыр 21-июлда Ош мэриясы жергиликтүү жаранга Сулайман тоосунун түштүк тарабындагы 436 чарчы метр жерге "түрдүү курулуш курууга" уруксат берген.

Бирок бул жер Ош шаарынын башкы планы боюнча жалпы пайдалануудагы тилке болгон. Мындан тышкары ал жер тектоникалык туруксуз тилке катары саналып, ал жактагы жашоочуларды жана курулуштарды башка жакка көчүрүү каралган.

Жалпы пайдалануудагы тилке Жер кодекси боюнча беш жылдык мөөнөткө гана жеңил-желпи курулуштарды тургузуу уруксаты менен берилерин белгилеген Башкы прокуратура 436 чарчы жер тилкеси менчикке мыйзамсыз берилген деген корутунду чыгарды.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренеси ("Жер мыйзамдарын бузуу") жана 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козгоп, тиешелүү тараптарга иликтөөгө жиберди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.(MdN)

XS
SM
MD
LG