Синоптиктердин маалыматы боюнча, 6-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас областтарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27 градус ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да түнкүсүн 7...12, күндүз 22... 27 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...+4, түнкүсүн 15...20 градус жылуу болот. Нарын областында түнкүсүн -2...+3, күндүз 15...20 градуска чейин жылуу болот.
6-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 9... 11, күндүз 24..26 градус ысык болот.