Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

БУУнун эксперттери Дума шаарына кирүүгө уруксат алууну талкуулоодо


Бириккен Улуттар Уюму.
Бириккен Улуттар Уюму.

Бириккен Улуттар Уюму Сириянын Дума шаарында химиялык курал колдонулганы тууралуу маалыматты текшериш үчүн бул аймакка өз эксперттерин жөнөтүүгө уруксат алуу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу БУУнун расмий өкүлдөрү билдирүүдө.

Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде Дума шаарына курамында хлор жана зарин газдары бар бомба ташталганын, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен.

АКШ, Британия жана Франция "химиялык чабуул болду" деген жерге кирүүгө "тоскоолдук кылып жатат" деп Сирия менен Орусияны айыптап жатат.

Соңку химиялык чабуул катары сыпатталган окуядан улам АКШ, Британия, Франция өткөн ишемби күнү Сириянын химиялык курал программасына “конкреттүү байланышы” бар үч жайына 100дөн ашуун ракета менен сокку урган.

Орусия бул биргелешкен аскердик аракетти “агрессия” катары баалаган.

XS
SM
MD
LG