Бүгүн Ош шаарынын "Алай" клубу менен Тажикстандын "Истиклол" клубу "Азия футбол конфедерациясы" кубогу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу "Алай" клубунун медиа офицери Нияз Ташматов “Азаттыкка” билдирди.
Футболдук мелдеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо саат 14:00дө башталат.
Былтыр кыргызстандык клуб чоң айырма менен тажикстандык клубдан утулуп калган. Учурда эки клуб тең өз өлкөсүнүн чемпиону. (ErN)