Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:35

Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралмай болду


Садыр Жапаров соттук отурум учурунда. 2-август, 2017-жыл.

Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, соттук отурумду 29-майга белгиледи. Бул тууралуу Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Азаттыкка” билдирди.

Адвокаттын айтымында, шаардык соттун чечиминен кийин алар бир жылга чейин Жогорку сотко кайрылууга укугу бар болчу. Жаңы президент келгенден кийин “сот акыйкат карайт” деген үмүт пайда болуп, эми гана даттанышкан:

- Биз апелляциялык арызды мурда берсек деле болмок. Бирок ошол кезде соттордун баары саясий буйруктун негизинде чечим чыгарып калганын көрүп, билип жатпадыкпы. Биринчи сотто да, экинчи сотто да күнөөсү далилденген жок. Ал тургай Каптагаев өзү да "акталсын" деп өтүнгөн. Ошого карабай соттоп койбодубу. "Демек бийлик күч менен эле соттотуп коет экен" деп токтотуп турганбыз. Азыр эми жаңы президент Сооронбай Жээнбеков “баары мыйзамдуу болот” деп жатканынан сот акыйкат каралат деп үмүт кылып, Жогорку сотко апелляциялык арыз жаздык, - деди Шарабидин Токтосунов.

Токтосуновдун айтымында "Садыр Жапаровдон жабыркады" деген Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев да “Жапаровду актап берүү өтүнүчү” менен Жогорку сотко арыз берди.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Саясатчы Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясый буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG