Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Матраимовдун өкмөткө каршы жазган арызы 2-майда каралат


Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.
Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөткө каршы жазган арызы 2-май күнү саат 10:00дө Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Матраимов өз арызында аны кызматынан алуу боюнча өкмөттүн чечимин мыйзамсыз деп табууну жана кызмат ордун кайра калыбына келтирүүнү өтүнгөн.

Мурдагы бажычынын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бул боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, “Сапар Исаков инисин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” ырастаган.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун "анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген.

Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болсо болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналганын жарыялаган. Бир тууган Матраимовдор болсо бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептер түрткү болгонун айтып чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG