Чолпон-Ата шаарында Жеңиш майрамына карата өткөрүлүп жаткан ат оюндарында көкбөрү боюнча биринчи лиганын оюндары аяктады. Алтын медаль үчүн “Сары-Өзөн” жана “Толкун” командалары ойноп, Чүй облусунун улакчылары 5:2 эсеби менен жеңишке жетти. Алдыда жогорку лиганын оюну өтүп, анда Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары финалда ойнойт. Быйыл көкбөрү оюну команданын деңгээлине жараша эки лигага бөлүнүп ойнолду.
9-май Жеңиш майрамына карата ат оюндары Чолпон-Ата шаарында 6-майдан бери өтүп жатат. (SDz)