Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:45

Молдокадыров: Элди түйшүккө салган көпүрө ушул айда бүтөт


Ак-Талаадагы көпүрөнүн көрүнүшү. 13-май, 2018-жыл.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Акталчат – Куртка - Тоголок Молдо - Казарман айылдарын байланыштырчу, жарым-жартылай бүтпөй турган көпүрө ушул айдын аягында бүткөрүлүп, колдонууга берилет. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров “Азаттыкка” билдирди.

Казарман – Акталчат унаа жолундагы көпүрө былтыр июнь айында "кооптуу, кулап калышы толук мүмкүн" деп бааланып, кайра оңдоодон өтмөк болгон. Бир жылга жакындап калса да курулуш иштери бүтпөй токтоп турат. Көпүрөнүн эки жагы жаңыртылып келип, ортодо он метрдей жер бүтпөй калган. Аны оңдоп жаткан курулуш компаниясы бир тараптуу каттам болушу үчүн сууну буруп, шагылдан жол салып берген. Ал жолду эки күн мурда суу жеп, жергиликтүү тургунду түйшүккө салууда. Суу кирип, жергиликтүү тургундар көпүрөдөн жип аркылуу же ылай сууну кечип өтүп жатканы тартылган тасма Интернетке тарады. Анда жергиликтүү тургундар райондун борборуна келүү мүмкүн болбой жатканын, өзгөчө кош бойлуу келиндер, балдар өтө албай жатканын айтышкан. (КЕ/MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG