Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Орусиялык миллиардер Навальныйдан бир рубль өндүрүүнү талап кылат


Михаил Прохоров.
Михаил Прохоров.

Орусиялык миллиардер Михаил Прохоров "кадыр-баркыма шек келтирди" деген негизде оппозиционер Алексей Навальныйга каршы арыз жазды. Бул тууралуу Москванын Люблинский райондук сотунун басма сөз кызматына таянуу менен “РБК” басылмасы кабарлады.

Соттошууга Навальныйдын сайтында жарыяланган материал себеп болду. Анда оппозиционер ишкер Прохоровду "орус өкмөтүнүн вице-премьери Александр Хлопонинге пара берген" деп айыптаган.

Прохоров Навальныйдан материалда айтылган билдирүүлөрдү жокко чыгарууну жана өчүрүүнү талап кылууда. Миллиардер ошондой эле оппозиционерден бир рубль доо өндүрүүнү талап кылган.

26-апрелде Навальный өзүнүн Коррупция менен күрөш фондунун иликтөөсүн жарыялаган. Анда миллиардер Прохоров Хлопониндин Италиядагы дачасын өз баасынан үч эсе кымбат сатып алганын билдирген. Навальныйдын айтымында, үй 35 млн. еврого сатылган. Бирок Коррупция менен күрөш фондунун кызматкерлери үйдүн наркы 10 млн. евродон кымбат эмес экенин аныкташкан. Оппозиционер миллиардерди кыймылсыз мүлктү сатып алуу аркылуу аткаминерге пара берген деп эсептейт. Ал эми Прохоров ээлик кылган "ОНЭКСИМ" компаниясы Навальныйдын айыптоосун "жалган" деп билдирүү тараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG