Бишкек шаарындагы 19 мектеп быйыл жыл аягына чейин оңдоп-түзөлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев шаардык кеңеште отчет берип жатып билдирди.
Анын айтымында, негизинен бул мектептердин чатырлары жаңыланат. Буга шаардык бюджеттен 93 млн. сом жумшалат.
Мындан сырткары баш калаада дагы үч мектептин тамактануу блогунда ПРООНдун линиясы аркылуу оңдоо иштери жүрөт.
Эшенбаев белгилегендей, борбордо мектептердин тартыштыгы курч маселе болуп турат. Учурда мектептер окуучуларды 2-2,5 эсе көп кабыл алууда. Ошого байланыштуу 2018-19-жылдарда мектеп куруш үчүн жер изделүүдө.
Бишкек шаарында 96 мектеп бар.
Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы башталганына үч күн болду. Анда мэриянын жана ага караштуу ар кайсы бөлүмдөрдүн 2017-жыл жана 2018-жылдын биринчи кварталы үчүн отчеттору каралууда. Бүгүн сессияда жол жана курулуш маселеси талкууланып жатат. (KE\ErN)