Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Казакстанда менингиттен 12 киши көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда быйыл жыл башынан бери 58 адам менингококк инфекциясын жугузуп алганы аныкталган, алардын 12си көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов 4-июнда Астанада өткөн басма сөз жыйынында айтты. Кайтыш болгондордун төртөө - төрт жашка чейинки балдар.

Министр билдиргендей, былтыр бул инфекциядан 162 адам жабыркап, 11 киши көз жумган. Ал коомдо тараган тынчсызданууга себеп жоктугун айтып, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. Мурдараак Алматы шаарында эле май айында бул илдетти жуктуруп алгандардын саны отуздан ашканы, алардын 27синин диагнозу аныкталганы айтылып, коомчулуктун тынчсыздануусуна себеп болгон.

XS
SM
MD
LG