Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн тайпалык оюндар уланып, негизги көңүл “B” тайпасындагы Испания менен Португалиянын курама командаларынын оюнуна бурулмакчы. Эки команда чемпионатта күчтүүлөрдүн катарына киргендиктен көрөрмандар Испания-Португалия беттеши кызыктуу оюндардан болот деп үмүт артууда.
Дүйнөнүн беш жолку мыкты оюнчусу Криштиану Роналду - Португалиянын командасын капитаны.
Мындан башка бүгүн “B” тайпасында Марокко – Иран мамлекеттеринин футболчулары бири-бири менен ойносо, “А” группасында Уругвай – Египет өлкөлөрү упай талашат.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусияда кечээ башталып, алгачкы оюнду үй ээси катары Орусия Сауд Арабиясы менен ойноп, 5:0 эсебинде утуп алды. (SDz)