Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:26

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын чечимин “өзүнүн укук коргоо беделине сокку уруу” жана “Улуттар Уюму менен анын түзүмдөрүн көзгө илбегендик” деп баалады.

Буга чейин Вашингтон өз чечимин Адам укуктары боюнча кеңештин реформага муктаждыгы жана саясий жактан “бейтарап болбой жатканы” менен түшүндүргөн.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин 19-июнда Вашингтондон билдиргенине караганда, кеңештин курамында Кытай, Конго Демократиялык Республикасы өңдүү “адам укуктарын такай бузган өлкөлөр” бар жана алар Венесуэла, Куба сындуу мамлекеттердеги укук бузуу фактыларын эч качан айыпташпайт.

- Кошмо Штаттар эгер эч бир жылышты көрбөсө, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен расмий чыгарын бир жыл мурда эле билдирген. Муну менен катар мен так айткым келет: бул кадам - адам укуктары боюнча өз милдеттенмелеринен АКШнын чегиниши эмес. Тескерсинче, бул кадамыбыз - милдеттенмелерибиз бизге адам укуктарын күлкүгө айланткан эки жүздүү жана өзүмчүл уюмда калууга мүмкүндүк бербегени, - деди Никки Хейли.

АКШ элчиси ошондой эле кеңеш ал “Израилге каршы” деп атаган чараларды такай кабыл аларын, Вашингтон бул уюмду реформалоону көздөгөнүн, бирок ийгилик таппаганын кошумчалады.

Вашингтон БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши алгач түзүлгөн 2006-жылы мурдагы президент Жорж Буштун тушунда ага кошулуудан баш тартып, 2009-жылы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда гана кирген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын акыркы жарыясын “эр жүрөктүк” деп кубаттаса, БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Зеид Рад ал-Хусеин “өкүнүчтүү” деп атаган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG