Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Быйылкы окуу жылынын мөөнөтү өзгөртүлгөн жок


Бишкек. Окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын мөөнөтү тууралуу маалымат берди.

Мекеменин билдирүүсүндө жаңы окуу планынын долбоорун өкмөт аппараты карап жатканы айтылат. Документте билим берүүнүн жаңы эрежелери камтылганы, аны киргизүү көп иш талап кылаары белгиленген. Буга байланыштуу жаңы окуу планына көнгүчө быйылкы окуу жылы адаттагыдай эле 1-сентябрда башталмак болду.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин окуу жылын 10-сентябрда баштап, 31-майда аяктоону сунуш кылган. Министр Гүлмира Кудайбердиева окуу жылынын башталышын которууну 2018-2020-жылдары сынап көрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алуу каралып жатканын, мындай жол менен туристтик сезон да узартылып, окуу программасын өзгөртүү зарылчылыгы болбой турганын кошумчалаган.

Ага чейин парламент спикери Дастанбек Жумабеков окуу жылын 20-сентябрда баштоону сунуш кылып, муну туристтик сезонду узартуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн. (NT)

XS
SM
MD
LG