Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Кыргызстан тажикстандык өрт өчүрүүчүгө ыраазычылык билдирди


Жабыркагандар райондук ооруканада дарыланууда.
Жабыркагандар райондук ооруканада дарыланууда.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү май куюучу жайдагы өрттү өчүрүүгө жардам берген тажик жарандарына ыраазылык билдирди.

Бүгүн 5-июлда кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев окуя болгон жерге барып, тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөрдү. Андан кийин ооруканага барып, өрттөн жабыркаган кыргыз жана тажик жарандарынын абалын көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

4-июлда Лейлек районундагы Бешкент айылында май куюучу бекетте өрт чыгып, бир кыргыз, үч тажик жараны жабыркаган. Баары дароо жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Коңшу өлкөнүн жарандарынын экөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.

Ал эми Кара-Балта шаарынын тургуну, денесин күйүккө алдырган Токтоназар Балтабаев менен Тажикстандын жараны, өрттү өчүрүүгө жардам берген адам учурда райондук ооруканада дарыланууда. Догдурлардын айтымында, алардын абалы канааттандырарлык.

Облус башчысы жардамга келип, денеси жабыркаган Тажикстандын өрт өчүргүчүнө ыраазычылык сөзүн айтты.

Кырсыктын кесепетинен май куюучу жай толугу менен өрттөнүп, жанындагы кеңсеси күйгөн. Мындан тышкары беш жүк ташуучу, эки газ ташуучу унаа, эки кичи автобус жана бир жеңил машине өрттөнгөн.

Баштапкы маалыматка караганда, өрт техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандан улам чыккан. (MdN)

XS
SM
MD
LG