Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:42

Бишкек-Торугарт жолуна кошумча посттор коюлду


Туристтик сезонго жана Көчмөндөр оюнуна даярдыкка байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кошумча радарлар менен посттор коюлду.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол коопсуздугун камсыз кылуу, кырсыктардын алдын алуу үчүн инспекторлордун саны көбөйтүлдү. Кошумча посттор жайы-кышы эле турат. Бирок азыр сезонго байланыштуу алар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

2018-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандын аймагында 1580 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар. Ал эми кырсыктарда жалпысынан 2261 адам жабыркаса, алардын 360ын жашы жете электер түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG