Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Ат-Башы: Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Дөкөевге кылмыш иши козголгонун "Азаттыкка" райондук прокурордун орун басары Кубанычбек Асанов билдирди. Анын айтымында, Казыбек айыл өкмөт башчысына Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул ишти Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Дөкөев Руслан айыл өкмөтүнүн башчылыгына келээр алдында, өзү мүчө болгон дыйкан чарбасынын башчысы болуп "беш жылдан ашык иштеген" деп жаздырып алган. Бул жана башка документтерди Дөкөев ушул жылдын 8-июнунда айыл өкмөттүн башчылыгына талапкерлигин көрсөтүш үчүн Ат-Башы районунун аймактык шайлоо комиссиясына өткөргөн. Натыйжада ал Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Ат-Башы райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча жасалма документ жасаганы далилденсе, мыйзамга ылайык Дөкөев үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматта эки жылдан кем эмес иштеген же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде жана жеке менчик чарбаларда жетекчилик кызматтарында үч жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. (MiK)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG