Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталинов абактан Онкология борборуна которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна кабарлады.
- Дарыгерлердин айтымында, Суталинов терапиянын экинчи курсун алганы жатыптыр. Канча жатканы азырынча белгисиз. Дарыланганына жараша болот. Ооруканага жатканына бир апта болду. Ал бөйрөгүнөн рак экен.
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон. Ал Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (КЕ)