Кыргызстанда 10-августтан бери доллардын сомго карата курсу 1,6 пайызга көтөрүлдү. Ошол эле учурда доллардын орус рублине карата курсу 6% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Аптанын башында орус рублинин долларга карата куну мурдагыдан да түшүп, Москва биржасында бир доллардын баасы 68 рублдан ашкан. Бул акыркы эки жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Рубль менен бирге Түркиянын улуттук акчасы лира да долларга карата арзандады. Орус акчасынын арзандашы казак теңгесине да таасирин тийгизген.
Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди.
Орус акчасынын куну түшкөнүнө АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда.
Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 68 сом 25 тыйын, акча алмаштыруу жайларда 69 сом 62 тыйындан сатылууда. (КЕ)