Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Өзбекстанда мектепте окуу 5-сентябрда башталат


Анжияндагы орто мектеп (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Анжияндагы орто мектеп (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Өзбекстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу жылы 5-сентябрда башталарын элге билим берүү министри Шерзод Шерматов "Фейсбук" баракчасына жазды. 

Өзбек президентинин буйругуна ылайык, бул өлкөдө 31-августтан 4-сентябрга чейин эгемендик майрамына байланыштуу эс алуу күндөрү деп жарыяланган.  

Министр Шерматов «майрам күндөрүн толук пайдаланыш үчүн жана мектеп мугалимдеринин ыңгайына жараша жаңы окуу жылы 5-сентябрда башталат. Бул мектеп жашындагы балдары бар ата-энелердин ары-бери саякатташына мүмкүнчүлүк түзөт" деп жазды.

 

XS
SM
MD
LG