Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

ДКО-2018: Алгачкы алтын байгени балбан Марлен Абдрасулов алды


Кырчын жайлоосу.
Кырчын жайлоосу.

Кыргызстандык балбан Марлен Абдрасулов бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кыргызстандын эсебине алгачкы алтын байгени алып келди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүн тажик улуттук күрөшүнөн (гуштини милли камарбанди) үч салмакта (68 кг., 82 кг. жана абсолюттук салмакта) байгелер орнотулуп, 11 өлкөнүн балбандары күч сынашты.

Марлен Абдрасулов 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалда түркмөнстандык Бегенч Йагмуровду жеңип алды. Бул салмакта коло медалдарды казакстандык Берикбол Муратжан жана орусиялык Разиль Шабиев тагынды. Абдрасуловдон сырткары күрөштүн бул түрүнөн кыргыз балбандары бир күмүш, бир коло байгеге ээ болду.

82 килограммга чейинки салмакта Шерикбай Аманилла уулу орусиялык Артур Зулкарнаевге жеңилип, 2-орунду алды. Коло медалдарды түркмөнстандык Силапберди Нуриев менен азербайжандык Элмаддин Рамазанов тагынды.
Абсолюттук салмакта түркмөнстандык Аннамурат Мурадов чемпион болду. Ал финалда монголиялык Гонгор Пуребаатарды жеңди. 3-орунду кыргызстандык Кайрат Тойчиев менен казакстандык Максат Жандилдаев ээледи.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Мелдештердин программасына спорттун 37 түрү кирген. Жалпысынан 594 медаль топтому ойнотулат (174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло).

Байге үчүн 66 өлкөдөн жана Орусиянын 11 субьектинен жалпысынан 1500дөн ашуун спортчу ат салышары күтүлүүдө. Оюндардын расмий ачылыш аземи бүгүн, 2-сентябрда саат 20:00дө башталат. (ECh/SDz).

XS
SM
MD
LG