Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Абылгазиев Каденова катышкан чырга начар реакция кылганы үчүн ТИМди сынга алды


Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн атайын жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова катышкан окуя боюнча оюн билдирип, бул тууралуу жазылган маалыматтарга жетиштүү реакция кылбаганы үчүн Тышкы иштер министрлигин сынга алды.

Бул тууралуу өкмөттүн аппараты тараткан маалыматта айтылат.

- Жогорку кызматтарды ээлеген кызмат адамдары кол алдындагы кызматкерлерге, коомдо жүрүм-туруму менен үлгү болууга тийиш. Болбосо мамлекеттик кызматка келбешибиз керек. Азыр Сеулдагы аэропортто болгон көрүнүштү алсак. Бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында макалалар жазылып жатты. Бирок тармактык министрликтен муну четке каккан эч кандай реакция болгон жок. Соңунда инциденттин бардык жагдайлары коомчулукка жарыяланды,- деди жыйында премьер-министр.

Абылгазиев “айрым жетекчилердин жүрүм-туруму өлкөнүн бүтүндөй өкмөтүнө көлөкө түшүрүп жатканын” белгиледи. Ал бул жааттагы сын туура болуп жатканын айтып, дипломатиялык паспортторду пайдалануу талаптарын күчтөндүрүүнү тапшырды.

- Дипломаттык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн керек, - деди ал.

22-сентябрда Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Кийин "Азаттыкка" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ырастаган. Султан экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө аргасыз болуп, рейс бир далай убакытка кечиккенин билдирген.

Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошоткон.

Каденова өзү тууралуу айтылып жаткандын баарын четке кагып, "Корвалол" дарысын ичкенден кийин көңүлү айнып кеткенин кабарлаган.

Бул окуя жөнүндө ТИМ алгач маалымат берүүдөн карманып келди. Кылычбек Султан кийин дипломатиялык паспорттор жөнүндө сындагандан кийин гана, мекеме кайра элчинин өзүн айыптаган билдирүү тараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG