Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Президент ТИМ менен элчинин ортосундагы маселени териштирүүнү тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешине Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчисинин жана Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө айтылган кырдаалды текшерүүнү тапшырды.

Жээнбеков элчи Кылычбек Султанды бир катар себептер менен кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону буйруду.

Тышкы иштер министрлиги "дипломаттык этиканы бузду" деп, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан алууну өткөн аптада сунуштаган.

Буга чейин элчи учакта мас абалында жаңжал салганы айтылган, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орунбасары Зууракан Каденова тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылгандар чыгып жатканын маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги элчинин өзүнүн мыйзамсыз иштери бар экенин билдирген.

Кылычбек Султан: Элчиликтерде коррупция бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00

XS
SM
MD
LG