Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Карамушкина: Матраимовду колдогон судьянын Кулматовду соттоого акысы жок


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Райымбек Матраимовду колдогон чечим чыгарган судья Кубанычбек Кулматовду соттогонго моралдык акысы жок. Мындай пикирин бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди:

- Биринчи май райондук сотунун бажычы Матраимовду ишине кайра алып келүү тууралуу чечимди чыгарган судьясы Алмаз Калыбаев азыр Кулматовдун ишин карап жатпайбы. Кулматов Матраимовду коррупция үчүн иштен алган болчу. Айтыңыздарчы, моралдык-этикалык норма деген каякта? Эмне, Биринчи май райондук сотунда башка судья калбай калды беле?

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген. Ал кезде Мамлекеттик бажы кызматын Кубанычбек Кулматов жетектеп турган.

Быйыл апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Шаардык сотто бул иш 30-октябрда каралат.

Кулматов коррупцияга жана паспортуна байланыштуу айыптардан улам азыр УКМКнын тергөө абагында жатат. Ал боюнча эки кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG