Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Помпео Түркияда саудиялык журналисттин жоголушу боюнча сүйлөшүү жүргүздү


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен кездешкен учур. Анкара, 17-октябрь, 2018-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен кездешкен учур. Анкара, 17-октябрь, 2018-жыл.

АКШын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Анкарага Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддан келип, дароо эле президент Режеп Тайып Эрдоган менен кездешти.

Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн Хашогги быйыл 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин жоголуп кеткен.

Түркиянын расмий адамдары "журналист консулдуктун ичинде өлтүрүлүп, сөөгү ал жерден чыгарылып кеткен" деген пикирде экенин айтышкан. Бирок алар бул үчүн Садиянын бийлигин түздөн-түз күнөөлөгөн эмес.

АКШнын мамлекеттик катчысы Түркияга келерде Эр-Риядда падыша Салман жана тагдыры белгисиз болуп жаткан журналист Хашогги кескин сынга алып жүргөн ханзаада Мухаммед менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Майк Помпеонун айтымында, ал сауд бийлиги журналисттин жоголушу боюнча иликтөө жүргүзүшү маанилүү экенине басым жасады жана расмий Эр-Рияд ошондой иш жүргүзүүгө, иликтөөнүн “жыйынтыгын бүткүл дүйнөгө көргөзүүгө” убада берди.

Буга чейин 16-октябрда Түркиянын полициясы Саудиянын Стамбулдагы консулдугунун имаратында сегиз саат бою тинтүү жүргүзүп, ал жерден ар кандай үлгүлөрдү алган. Бирок сауд консулунун турак-жайында күтүлгөн тинтүү азырынча боло элек.

Бул арада 17-октябрда Түркиянын өкмөтчүл медиасы "мекенинен кетүүгө аргасыз болгондон кийин АКШда жашап жүргөн Жамал Хашогги Саудиянын киши өлтүрүүчү тобу тарабынан жок кылынып, андан кийин денеси бөлүнгөн" деген маалыматтарды жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG