Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Өкмөт: кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кийинки жолугушуу ноябрда өтөт


Кыргыз-өзбек "Достук" чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек "Достук" чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топтордун 15-21-октябрда Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Расмий кабарга караганда, жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасынын долбоордук линиясын тактап жазуу маселеси талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери тараптан 2018-жылга бекитилген жолугушуулардын иш тартибине ылайык, жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу ноябрда Кыргызстандын аймагында өтөт. Өкмөт кайсы тилкелер макулдашылганын так айткан жок.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүдө эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Өзбекстандын Шахимардан тилкеси жана Кандиён-Булок тилкесинин бир бөлүгү аныкталып, жазылганын билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 85 пайызы такталган. (NT)

XS
SM
MD
LG