Кабулдагы Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын баш кеңсесинин алдындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде алты киши мерт болду. Ооган полициясынын 29-октябрдагы маалыматы боюнча, бир жанкечти имараттын алдында токтоп турган автоунаанын жанында өзүн жардырып жиберген. Бул окуядан шайлоо комиссиясынын төрт өкүлү жана эки полиция кызматкери да жарадар болду.
Дүйшөмбүдөгү бул чабуул ооган бийлиги өткөн аптада көпчүлүк провинцияларда жыйынтыкталган парламенттик шайлоодон кийин добуштарды санай баштаган учурда болду.
Кандагар провинциясындагы шайлоо "Талибан" кыймылынын куралдуу чабуулдарынан улам бир жумага артка жылдырылып, 27-октябрга белгиленген эле. Ооганстандагы соңку шайлоо жараяны талибдер менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун тынымсыз чабуулдары менен коштолду.
Бул эки радикал топ ооган жарандарын "шайлоого катышпагыла" деп эскертип, добуш берүүгө таасир этиш үчүн чабуулдарды уюштуруп келет.