Түп районунда 13 жаштагы бала асылып турган жеринен табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка караганда, райондун Сары-Дөбө айылында 2005-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгү 26-октябрда саат 17:00 чамасында табылган.
Ал айылдан алыс эмес жердеги коктуда өскөн даракка асынып алган. Анын денесин мал багып жүргөн айылдаштары таап алган. Туугандары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты.
Учурда өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салганы же киши колдуу болгону аныктала элек. (AsM)